Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XIII сессиясынын №13/6 ТОКТОМУ

shapka_cn

Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
XXVI чакырылышынын кезексиз XIII сессиясынын

ТОКТОМУ

30-май 2014-жыл №13/6 Орто-Нура айылы

Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Орто-Нура айылындагы авариялык абалдагы 2 (эки) кабат имаратты мыйзамдаштыруу жөнүндө

Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Орто-Нура айылындагы авариялык абалдагы эки кабат имарат жана Чет-Нура айылындагы эски кантора 2004-жылы элдин муктаждыгы үчүн таза суу долбооруна 200 000 (Эки жүз миң) сомго өздүк салым менен камсыз кылуу максатында сатылган. Учурда имараттар мамлекеттик каттоо башкармалыгынан өтүп өкмөттүн балансасына алынган. Ушул имараттар учурунда жалпы элдин социалдык муктаждыгын чечүү багытында сатылып кеткендигине байланыштуу сатып, мыйзамдаштырып берүүнү сурашат.
Жогорудагыларды угуп жана талкуулап, Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XIII сессиясы токтом кылат:

1. Айыл өкмөтүнө караштуу Орто-Нура айылындагы авариялык абалдагы эки кабат имарат 2004-жылы Чет-Нура айыл өкмөтү тарабынан Чет-Нура, Орто-Нура айылдарын таза суу менен камсыз кылууга өздүк салым үчүн сатылып кеткендигине байланыштуу юридикалык документине ылайык имарат жер участкасы менен Жумагулов Коңурбай Сыдыевичке 200 000 (Эки жүз миң) сомго сатылсын.

2. Тиешелүү документтерин бүтүрүп, эски авариялык абалдагы имаратты Жумагулов Коңурбай Сыдыевичтин менчигине сатуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго тапшырылсын.

Төрага: Ж.Жакыпов

Комментирование запрещено