Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XIV сессиясынын №14/1 ТОКТОМУ

shapka_cn

Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
XXVI чакырылышынын кезектеги XIV сессиясынын
ТОКТОМУ

25-июль 2014-жыл №14/1 Орто-Нура айылы

Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын 7-июль 2014-жылдагы №870/04 катын сессияда талкулоо жөнүндө

Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын 7-июль 2014-жылдагы №870/04 катын сессияда талкуулап чыгып,
Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:

1. Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын 7-июль 2014-жылдагы №870/04 каты талкууга алынгандыгы белгиленсин.

2. Спирт ичимдиктерин сатууга чектөөлөр киргизилгендиги боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.

3. Чет-Нура айыл өкмөтүнүн аймагында комиссия түзүлүп, жергиликтүү участкалык инспектору менен бирдикте түнкү рейдтерди уюштуруп берүү жагы Нарын райондук ички иштер бөлүмүнөн суралсын.

4. Бул токтомду аткаруу жагы Чет-Нура айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго милдеттендирилсин.

Төрага: Ж.Жакыпов
____________________________________________________________________
Жөнөтүлсүн: иш кагаздарга, Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнө.

Комментирование запрещено