Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XIV сессиясынын №14/2 ТОКТОМУ

shapka_cn

Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
XXVI чакырылышынын кезектеги XIV сессиясынын
ТОКТОМУ

25-июль 2014-жыл №14/2 Орто-Нура айылы

Чет-Нура айылынын тургуну Сагындыков Тариэлдин турак жайга болгон менчик укугун бекитип берүү боюнча арызын кароо жөнүндө

Чет-Нура айылынын тургуну Сагындыков Тариэлдин турак жайга болгон менчик укугун бекитип берүү боюнча арызын сессияда талкуулап чыгып,
Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:

1. 2005-жылы «Таза суу» долбоору үчүн элдик салымга сатылып кеткендигине байланыштуу Чет-Нура айылында жайгашкан Кызыл-Тамдын күн батыш жагы тиешелүү жери менен Сагындыков Тариэлдин жеке менчигине бекитилип берилсин.

2. Тиешелүү документтерин тактоо Чет-Нура айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго милдеттендирилсин.

Төрага: Ж.Жакыпов
____________________________________________________________________
Жөнөтүлсүн: иш кагаздарга, Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнө, арыз ээсине.

Комментирование запрещено