Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XIV сессиясынын №14/5 ТОКТОМУ

shapka_cn

Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
XXVI чакырылышынын кезектеги XIV сессиясынын
ТОКТОМУ

25-июль 2014-жыл №14/5 Орто-Нура айылы

Орто-Саз айылынан «Бишкек-Торугарт» жолунун курулушуна карьер үчүн жер бөлүп берүү жөнүндө

Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын Нарын райондук жер, жайыттар боюнча комиссиясынын отурумунун 4-июль 2014-жылдагы №12 протоколунда «Бишкек-Нарын-Торугарт» автожолун реабилитациялоо долбоорун ишке ашырууда жолго төшөлүүчү шагылдарды алууга Орто-Саз айылынан 0,22 га жер тилкесин берүүнү сураган.

Жогорудагыларды угуп жана талкуулап , Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:

1. Бишкек-Нарын-Торугарт автожолун реабилитациялоо долбоорун ишке ашырууда жолго төшөлүүчү шагылдарды алууга Чет-Нура айыл аймагынын Орто-Саз айылынан 0,22 га жер тилкеси геологиялык изилдөөгө уруксаат берилсин.

Төрага: Ж.Жакыпов
____________________________________________________________________
Жөнөтүлсүн: иш кагаздарга, Нарын райондук мамлекеттик администрациясына.

Комментирование запрещено