Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XV сессиясынын №15/2 ТОКТОМУ

shapka_cn

Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
XXVI чакырылышынын кезексиз XV сессиясынын
ТОКТОМУ

8-август 2014-жыл №15/2 Орто-Нура айылы

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 49-беренесине, депутаттардын Чет-Нура айылдык кеңешинин регламентинин 8-главасынын 8.8.-пунктуна ылайык айыл өкмөтүнө ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча депутаттардын кайрылуусун кароо жөнүндө

Чет-Нура айылдык Кеңешинин 31-июль 2014-жылдагы кайрылуусун карап жана талкуулап,
Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:

1. Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергенов айыл өкмөт башчысына берилген ыйгарым укуктарын, функционалдык милдеттерин талаптагыдай аткарбай жаткандыгы белгиленсин.
2. Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго мындан ары айыл өкмөт башчысы катары иштебей тургандыгы боюнча ишенбөөчүлүк көрсөтүлсүн.

3. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 49-беренесине ылайык Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновдун кызмат абалын чечип берүү жагы Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Т.Жанбоевден суралсын.

Төрага: Ж.Жакыпов
__________________________________________________________________
Жөнөтүлсүн: иш кагаздарга, Нарын райондук мамлекеттик администрациясына.

Комментирование запрещено