Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XVI сессиясынын №16/1 ТОКТОМУ

shapka_cn

Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
XXVI чакырылышынын кезексиз XVI сессиясынын
ТОКТОМУ

15-октябрь 2014-жыл №16/1 Орто-Нура айылы

Чет-Нура айыл аймагындагы арпа аянтын бир
жылдык чөп аянтына которуу жөнүндө

Чет-Нура айыл аймагында күндүн ысык болуп жана кургакчылык болгондугуна байланыштуу 372 гектарга эгилген арпа аянты 25-сентябрь 2014-жылдагы комиссиясынын актысынын негизинде бир жылдык чөпкө которулууга жатат.
Жогорудагыларды угуп жана талкуулап Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 25-сентябрь 2014-жылдагы комиссиясынын арпа эгиндерин бир жылдык чөп аянтына которуп берүү жөнүндөгү актысы бекитилсин.
2. Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү 372 га арпа эгилген аянты бир жылдык чөп аянтына которулсун.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

Төрага: Ж.Жакыпов
__________________________________________________________________
Жөнөтүлсүн: иш кагаздарга.

Комментирование запрещено