Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги III сессиясынын №3/2 ТОКТОМУ

shapka_cn

Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
XXVI чакырылышынын кезектеги III сессиясынын

ТОКТОМУ

20-март 2013- жыл №3/2 Орто — Нура айылы

Чет-Нура айыл өкмөтүндө жыл башынан калган акча каражатын
сметага ылайык бөлүштүрүү жөнүндө

Чет-Нура айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Мамырбековдун сунушун угуп жана талкуулап, Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин III- сессиясы токтом кылат:

1. Чет-Нура айыл өкмөтүндө жыл башынан калган акча каражатына түзүлгөн сметасы төмөндөгүдөй бекитилсин:
1) Айыл аймактык айылдык Кеңешинин устав,
регламенттерин жарыялоо – 15000 сом
2) Печать, автомат – 3280 сом
3) Штамптар – 1100 сом
4) Канцелярдык жана хоз товар – 6000 сом
5) Эшик терезеге тор – 6000 сом
6) Банер – 2500 сом
7) Бензин – 5220 сом
Баары: 40 000 сом

2. Түзүлгөн сметага ылайык иш алып баруу айыл өкмөтүнүн финансы — экономика бөлүмүнүн башчысы А.Мамырбековко тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө экономика, финансы, бюджет, мандат, депутаттык иш, этика жана коомдук тартипти сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага: Т.Мамыров
______________________________________________________________________________ Жөнөтүлсүн: иш кагазга, Экономика, финансы, бюджет, мандат, депутаттык иш, этика жана коомдук тартипти сактоо боюнча туруктуу комиссиясына.

Комментирование запрещено