Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XVI сессиясынын №16/2 ТОКТОМУ

shapka_cn

Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
XXVI чакырылышынын кезексиз XVI сессиясынын
ТОКТОМУ
31-октябрь 2014-жыл №16/2 Орто-Нура айылы
«Аканай» Жоопкерчилиги Чектелген Коомуна Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Бугулуу-Төр участкасынан алтын, күмүш жана башка кендерин изилдөөгө уруксаат берүү жөнүндө

«Аканай» Жоопкерчилиги Чектелген Коому 19-март 2014-жылы алтын, күмүш жана башка баалуу таштарды изилдөө үчүн 2014-жылдын август айында «Аканай» ЖЧКнын өкүлдөрү жана Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысынын катышуусу менен Чет-Нура айыл аймагына караштуу айылдарда жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин жыйынтыгын карап берүүнү жана алдын ала сүйлөшүүлөрдүн негизинде Чет-Нура айыл өкмөтү жана айылдык кеңеш менен «Аканай» ЖЧКнын ортосунда түзүлгөн Мемарандумду карап чечим чыгарып берүүнү сураган.
Жогорудагыларды угуп жана талкуулап, Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:

1. «Аканай» Жоопкерчилиги Чектелген Коомуна «Бугулуу-Төр» участкасынан алтын, күмүш жана башка кендерди изилдөө үчүн жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштери толук жүргүзүлбөгөндүгүнө байланыштуу калк арасында эл менен кайрадан жолугушуу жүргүзүлсүн.
2. Коомдук угууларды ар бир айылда түзүлгөн графикке ылайык өткөзүү тиешелүү туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

Төрага: Ж.Жакыпов
Жөнөтүлсүн: иш кагаздарга.

Комментирование запрещено