Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XVI сессиясынын №16/4 ТОКТОМУ

shapka_cn

Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
XXVI чакырылышынын кезексиз XVI сессиясынын
ТОКТОМУ
31-октябрь 2014-жыл №16/4 Орто-Нура айылы
Ак-Кыя айылынын ичиндеги муниципалдык менчиктеги
бош жер тилкесин экиге бөлүү жөнүндө

Ак-Кыя айылында идентификациялык коду 4-05-18-1003-0145 менен сиситемдик каттоодон өткөн бош 2608 чарчы метр жер тилкеси Нарын райондук соту аркылуу муниципалдык менчикке 9-октябрь 2014-жылы муниципалдык менчикке түштү деп табылып айыл өкмөтүнүн ээлигине берилген. Учурда Ак-Кыя айылында там салуу үчүн жер тилкесин сураган жарандар болгондугуна байланыштуу жогоруда айтылган жер тилкесин тең экиге бөлүү зарылчылыгы келип чыгууда.
Жогорудагыларды угуп жана талкуулап Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
4. Ак-Кыя айылындагы идентификациялык коду 4-05-18-1003-0145 менен каттоодон өткөн 2608чарчы метр жер тилкеси тең экиге бөлүнсүн.
5. Турак жай куруу үчүн жер тилкесин сураган жарандарга жогорудагы жер тилкеси берилсин.
6. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу Ж.Айдралиевге милдеттендирилсин.

Төрага: Ж.Жакыпов
_________________________________________________________________
Жөнөтүлсүн: иш кагаздарга.

Комментирование запрещено