Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XVI сессиясынын №16/5 ТОКТОМУ

shapka_cn

Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
XXVI чакырылышынын кезексиз XVI сессиясынын
ТОКТОМУ
31-октябрь 2014-жыл №16/5 Орто-Нура айылы
Ак-Булуң айылынын ичине таза суунун түтүктөрүн тартуу үчүн жер тилкелерин тартуу жөнүндө

Ак-Булуң айылындагы «Меңдибек» ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык-коомдук бирикмеси аркылуу таза суу чыккандыгына байланыштуу айыл ичине суу түтүктөрүн тартууга айылдын ички жолдорунун жээгинен 2 километр жер тилкесин уруксаат берүүнү жергиликтүү тургундар кайрылып сурагандыгына байланыштуу Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:

1. Ак-Булуң айылынын ички жолдорунун жээги менен 2 километр жер тилкеси аркылуу суу түтүгүн тартуу үчүн «Меңдибек» ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык-коомдук бирикмесине уруксаат берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу Ж.Айдралиевге тапшырылсын.

Төрага: Ж.Жакыпов
__________________________________________________________________
Жөнөтүлсүн: иш кагаздарга.

Комментирование запрещено