Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XVI сессиясынын №16/6 ТОКТОМУ

shapka_cn

Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кещешинин
XXVI чакырылышынын кезексиз XVI сессиясынын
ТОКТОМУ

31-октябрь 2014-жыл №16/6 Орто-Нура айылы

Чет-Нура айыл өкөтүнүн 2014-жылдагы бюджетинин киреше
бөлүгүнүн планына кошумча план алуу жөнүндө

Чет-Нура айыл өкөтүнүн 2014-жылга пландан сырткары бюджетинин киреше бөлүгүнө салыктар эмес кирешелерден түшкөн 14221100-лицензия берүү акысы Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн территориясында жайгашкан “Бугулуу-Төр” участкасында кенге геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө уруксаат алуу үчүн “Аканай” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан 750761 (Жети жүз элүү миң жети жүз алтымыш бир) сом которулуп берилген.
Жогорудагыларды угуп жана талкуулап,

Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:

1. Чет-Нура айыл аймагынын 2014-жылга киреше бөлүгүнө (14221100-лицензия берүү акысынан) келип түшкөн 750761 (Жети жүз элүү миң жети жүз алтымыш бир) сомго кошумча план алуу жагы Нарын райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чет-Нура айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу Ж.Айдралиевге жана финансы экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу К.Ибраевага тапшырылсын.

Төрага: Ж.Жакыпов

Комментирование запрещено