Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XVI сессиясынын №16/7 ТОКТОМУ

shapka_cn

Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
XXVI чакырылышынын кезексиз XVI сессиясынын
ТОКТОМУ
31-октябрь 2014-жыл №16/7 Орто-Нура айылы
Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнөн чыгымдоо жөнүндө

2014-жылдын Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнөн пландан ашык аткарылган акча каражатын социалдык обьектилердин курулуш-ремонттоо жумуштарына бөлүштүрүү максатында Чет-Нура айыл аймактык Кеңешинин бюджет жана этика комиссиясынын, ФЭБнүн башчысынын баяндамасын угуп жана талкуулап,
Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:

1. Чет-Нура айылдык Кеңешинин бюджет жана этика комиссиясынын протоколу толуктоо жана өзгөртүүлөр менен бекитилсин.
2. Чет-Нура айыл өкөтүнүн 2014-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнөн пландан ашык аткарылган акча каражаты төмөндөгүдөй чыгымдалсын:
1) Транспорт чыгымдары – 9,0
2) Башка чыгымдар жана кызматтар – 3,5
3) Имарат жана жайлардын учурдагы ремонту – 5,7
4) Материалдарды жана буюмдарды алуу – 5,6
5) Тамаш аш алуу – 27,0
6) Имараттар жана каналдар – 700,0
Баары: 750,8 (Жети жүз элүү миң сегиз жүз) сом
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К. Ибраевага тапшырылсын

Төрага: Ж.Жакыпов
__________________________________________________________________
Жөнөтүлсүн: иш кагаздарга.

Комментирование запрещено