Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
XXVI чакырылышынын кезектеги II сессиясынын
ТОКТОМУ
14-март 2013- жыл №2/5 Орто — Нура айылы
Чет-Нура айылынын тургуну Өмүралиев Сабырдын сарайларга жана өзү жашаган үйлөргө ысымын берүү жөнүндөгү арызын кароо жөнүндө
Чет-Нура айылынын тургуну Өмүралиев Сабырдын арызын угуп жана талкуулап, Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин II сессиясы
токтом кылат:
1. Чий-Булуң, Кызылгоо участкаларынын тарыхый аты болгондуктан жана өзү жашап турган көчөгө башка адамдын ысымы берилгендигине байланыштуу Өмүралиев Сабырдын (ысымын берүү жөнүндөгү) арызы канааттандырылбасын.
Төрага: Т.Мамыров
________________________________________________________________________________ Жөнөтүлсүн: иш кагазга, Чет-Нура айылынын тургуну С.Өмүралиевке.