Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн XXVI чакырылыштагы кезексиз IX сессиясынын №9/5 ТОКТОМУ

shapka_cn

Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн XXVI чакырылыштагы кезексиз IX сессиясынын
ТОКТОМУ

21-январь 2014-ж № 9/5 Орто-Нура айылы

Ак-Кыя айылынын айыл башчысынын Байменде каналынын башына эки комната там салууга жер сураган арызын жана Э.Садыбакасов менен Чет-Нура айылынын тургундарынын арызын кароо жөнүндө

Күн тартибиндеги маселе боюнча Байменде участогу Чет-Нура айылына тиешелүү болгондугуна байланыштуу 19-январь 2014-жылдагы №1 Чет-Нура айылынын жер боюнча комиссиясынын токтому менен комиссия:- Ак-Кыя айылынын айыл башчысынын жер сурап жазган арызындагы жер тилкеси там салуу үчүн берилбесин- деген чечими сунушталган.
Жогорудагы сунуштарды угуп жана талкуулап Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IX сессиясы токтом кылат:

1. Байменде каналынын башына каналды карап, иштеп турууга там салуу үчүн жер берүүнүн мыйзамдуулугун карап, чечүү Депутаттардын жер боюнча комиссиясында каралып чечилсин.
2.Э.Садыбакасовдун малы Байменде участогунда жазга чейин калтырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Депутаттардын Чет-Нура айыл аймактык Кеңешинин тармактык комиссиясына тапшырылсын.

Чет-Нура айыл аймагынын
айылдык Кеңешинин төрагасы: Т.Мамыров
Жөнөтүлсүн: иш кагазга

Комментирование запрещено