Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги II сессиясынын №2/6 ТОКТОМУ

shapka_cn
Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
XXVI чакырылышынын кезектеги II сессиясынын

ТОКТОМУ

14-март 2013- жыл №2/6 Орто — Нура айылы

Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыттан кайракка которулган
кайрак жерден жер салыгын алуу жөнүндө

Чет-Нура айыл өкмөтүндөгү кайрак жерлер 2004-жылы Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын буйругу менен жайытка которулуп кеткен, 2009-жылы элдин суроо-талабы жана макулдуктары менен кайра жайыттан кайракка Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин чечими менен которулган. Бүгүнкү күндө ар бир үй-бүлөөнүн жер күбөлүгүнүн негизинде кайрак жерлер чарба китептерге түшүрүлүп бүткөн.

Жогорудагылардын негизинде, Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин II сессиясы токтом кылат:

1. Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыттан кайракка которулган кайрак жерлер такталып жер салыгы алынсын.

2. Кайрак жерлерди тактап Нарын райондук социалдык фонду, Нарын райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы, Нарын райондук салык бөлүмдөрү менен эсептешүү жүргүзүү Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу К.Асанбековко тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба, токой чарба, суу чарба, жашылдандыруу, көрктөндүрүү, энергетика жана өз алдынча башкаруу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага: Т.Мамыров
_________________________________________________________________________ Жөнөтүлсүн: иш кагазга, Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу К.Асанбековко, айыл чарба, токой чарба, суу чарба, жашылдандыруу, көрктөндүрүү, энергетика жана өз алдынча башкаруу боюнча туруктуу комиссиясына.

Комментирование запрещено