Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн XXVI чакырылыштагы кезексиз IX сессиясынын №9/6 ТОКТОМУ

shapka_cn

Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн XXVI чакырылыштагы кезексиз IX сессиясынын
ТОКТОМУ

21-январь 2014-ж № 9/6 Орто-Нура айылы

Орто-Нура айылынын тургуну Жумагулов Байыштын сатып алган оорукананын эки кабаттуу имаратын оорукананын имаратынан
бөлүп берүү жөнүндөгү арызын кароо жөнүндө

Орто-Нура айылынын тургуну Жумагулов Байыш Сыдыевич Орто-Нура айылындагы оорукананын имаратынын эки кабат бөлүгүгн 2004-жылы сатып алып жери мыйзамдаштырылган. Учурда жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгында имарат толук учурдагы ооруканага катталып тургандыгына байланыштуу сатылган имаратты ооруканадан бөлүп берүүнү сурайт.
Жогорудагылардын негизинде угуп жана талкуулап Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IX сессиясы токтом кылат:

1. Орто-Нура айылынын тургуну Жумагулов Байыш Сыдыевичтин арызы канаттандырылсын. 2004-жылы сатып алган имарат оорукананын имаратынан бөлүнүнп берилсин.
2.Имаратты оорукананын имаратынан бөлүп мыйзамдаштырып берүү жагы Нарын райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго тапшырылсын.

Айыл аймагынын
айылдык Кеңешинин төрагасы: Т.Мамыров
Жөнөтүлсүн: иш кагаздарга

Комментирование запрещено