Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн XXVI чакырылыштагы кезексиз IX сессиясынын №9/8 ТОКТОМУ

shapka_cn

Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн XXVI чакырылыштагы кезексиз IX сессиясынын
ТОКТОМУ

21-январь 2014-ж № 9/8 Орто-Нура айылы

Чет-Нура айылына китепкана ачуу жөнүндө

Чет-Нура айылындагы китепкана 1992-жылга чейин иштеп келген. Район, шаар биригип бюджеттин тартыштыгынан 1992-жылы китепкана жоюлуп калган. Китепкана ачуу үчүн китеп фонду, инвентарь райондук, облустук китепканалардан каржыланат. Элди мааданий массалык тейлөө үчүн калктын саны жетиштүү деген нормага ылайык китепкана болушу зарыл.
Жогорудагылардын негизинде Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IX сессиясы токтом кылат:

1. Чет-Нура айылындагы 1992-жылы жабылып калган китепкана кайра ачылсын.
2. Китепкананы ачуу үчүн Э.Ибраев атындагы Чет-Нура маданият үйүнөн бөлмө берилсин.
3. Инвентарь китеп фонду менен камсыз кылуу Нарын райондук Э.Ибраев атындагы китепканасынан суралсын.
4. Китепканачынын штаттык бирдиктерин мыйзамга ылайык чечип, тактоо айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Мамырбековго тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго милдеттендирилсин.

Чет-Нура айыл аймагынын
айылдык Кеңешинин төрагасы: Т.Мамыров

Комментирование запрещено