Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн XXVI чакырылыштагы кезектеги XI сессиясынын №11/8 ТОКТОМУ

shapka_cn

Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн XXVI чакырылыштагы кезектеги XI сессиясынын

ТОКТОМУ

20-март 2014-ж №11/8 Орто-Нура айылы

Чет-Нура айыл өкмөтүнүн 2012-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2014-жылдын бюджетин бекитүү, 2014-жылдагы жыл башынан калган акча каражатын чыгымдоо жөнүндө

Чет-Нура айыл аймактык Кеңешинин бюджет жана этика комиссиясынын, ФЭБнүн башчысынын баяндамасын угуп жана талкуулап
Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XI сессиясы токтом кылат:

1. Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери А.Мамырбековдун 2012-жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча билдирүүсү кабыл алынсын жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын протоколу бекитилсин.

2. Чет-Нура айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын бюджетинин киреше бөлүгү боюнча бюджеттик каражаттар 9304,3 миң (Тогуз миллион үч жүз төрт миң үч жүз) сом жана атайын каражаттар 250,0 миң сом (эки жүз элүү миң), жалпысы 9554,3 миң (тогуз миллион беш жүз элүү төрт миң үч жүз) сом болуп төмөндөгүдөй бекитилсин:
 Киреше салыгы- 1270,0 миң сом
 Ыктыярдуу патент-76,0 миң сом
 Кыймылсыз мүлк салыгы- 280,0 миң сом
 Транспорт салыгы-280,0 миң сом
 Жер салыгы(айыл чарба эмес жерлери)-3,2 миң сом
 Жер салыгы(огород)-77,8 миң сом
 Жер салыгы(айыл чарба жерлери)-241,1 миң сом
 Сатуудан түшкөн салык (НСП)-220,0 миң сом
 Ижара КБФ (Аренда ФПС)-76,7 миң сом
 Госпошлина-10,4 миң сом
 Админ штраф-4,0 миң сом
 Тазалык чыгым-2,0 миң сом
Баардык жергиликтүү киреше-2269,2 миң сом
 Теңдештирүүчү гранттар-7035,1 миң сом
 Атайын каражаттар-250,0 миң сом
Жалпы баардык киреше -9554,3 миң сом

3.Чет-Нура айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгү жалпысы 9554,3 миң сом (Отуз үч миллион бир жүз сом) болуп төмөндөгүдөй бекитилсин:
1. Эмгек акы-5405,5 миң сом
2. Соц фонд- 835,8 миң сом
3. Сапар чыгымдары-50,0 миң сом
4. Байланыш чыгымдары-20,0 мин сом
5. Транспорт чыгымдары- 63,0 мин сом
6. Башка чыгымдар-255,5 миң сом
7. Тамак аш алуу(дет.сад)-413,1 миң сом
8. Учурдагы ремонт үчүн чыгымдар-450,0 миң сом
9. Учурдагы чарбалык муктаждыктарга башка материалдарды жана буюмдарды алуу-246,5 миң сом
10. Атайын кийимдерди алуу-28,8 миң сом
11. Көмур алуу- 30,0 миң сом
12. Электр энергия үчүн төлөмдөр-581,1 миң сом
13. Имараттар жана жайлар- 875,0 миң сом
14. Машиналар жана жабдуулар- 50,0 миң сом
15. Атайын каражаттар- 250,0 миң сом
Баардыгы -9554,3
4. Чет-Нура айыл өкмөтүнүн жыл башынан калдык акча каражатынын эсебинен төмөндөгүдөй чыгымдалсын:
 Учурдагы чарбалык муктаждыктарга башка материалдарды жана буюмдарды алуу- 59,0 миң сом
 Атайын каражаттар- 132,0 миң сом
Баардыгы -191,0

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А.Мамырбековго тапшырылсын.

Чет-Нура айыл аймагынын
айылдык Кеңешинин төрагасы: Ж.Жакыпов

Комментирование запрещено