Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XVII сессиясынын №17/1 токтому

shapka_cn

25-декабрь 2014-жыл №17/1 Орто-Нура айылы

Орто-Саз, Ак-Кыя, Чет-Нура, Орто-Нура, Ак-Булуң, Ийри-Суу, Төш-Булак, Орук-Там калктуу конуштарынын чек араларын тактоо жана бекитүү жөнүндө

Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын 04.10.2012-жылдагы №211-б буйругунун жана Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 15.01.2014-жылдагы № 5 буйруктарынын негизинде «Кыргызмамжердолбоор» мамлекеттик долборлоо институтунун Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган Чет-Нура айыл өкмөтүнүн калктуу конуштарынын чек араларын тактоо жана бекитүү иш кагаздарын карап чыгып токтом кылат:
1. «Кыргызмамжердолбоор» мамлекеттик долборлоо институтунун Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган материялында Чет-Нура айыл аймагынын Орто-Саз калктуу конушунун жалпы аянты 154,2га, Ак-Кыя калктуу конушунун жалпы аянты 70,66га, Чет-Нура калктуу конушунун жалпы аянты78,8га, Орто-Нура калктуу конушунун жалпы аянты 128,3га, Ак-БулуҢ калктуу конушунун жалпы аянты 44га, Ийри-Суу калктуу конушунун жалпы аянты 114,3га, Төш-Булак калктуу конушунун жалпы аянты 41,17га, Орук-Там калктуу конушунун жалпы аянты36га жалпы 667 гектарды түзүп, калктуу конуштарынын чек аралар баяндамасына ылайык тактоодо жазылган сызык боюнча бекитилсин.
2. «Кыргызмамжердолбоор» мамлекеттик долборлоо институтунун Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган материялында Чет-Нура айыл аймагынын калктуу конуштарынын жалпы жер аянтын аныктоо жана жерлерин инвентаризациялоо жумуштары жазалган материалдарына жана тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган материялдарынын негизинде Нарын аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасына жерди эсепке алуу иш кагаздарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба, токой чарба, суу чарба, жашылдандыруу көрктөндүрүү, энергетика жана өз алдынча башкаруу боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: Ж.Жакыпов _______________________________________________________________________________

Комментирование запрещено