Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
XXVI чакырылышынын кезексиз XVII сессиясынын
ТОКТОМУ
25-декабрь 2014-жыл №17/3 Орто-Нура айылы
Чет-Нура айыл аймагында “Карыздык милдеттенмелерди коверциялоо-III, коммуналдык инфраструктура жана жакырчылыктын деңгээлин азайтуу” долбоорунун алкагында “Жакыр үй-бүлөлөр тарабынан тал-теректерди тигүү” компонентин ишке ашыруу жөнүндө
Чет-Нура айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенствосунун “Карыздык милдеттенмелерди коверциялоо —III”, коммуналдык инфраструктура жана жакырчылыктын деңгээлин азайтуу долбоорунун алкагында Орто-Нура аркылуу тандалып алынган Көк-Ой участкасындагы 1 Га (контур №2720), Суу-Корук участкасындагы 2 Га (контур №2061) жер аянтына тал терек тигүү долбоору ишке ашырылат.
Жогорудагыларды угуп жана талкуулап Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XVII сессиясы токтом кылат:
- Чет-Нура айыл аймагынын жер комиссиясынын сунушу менен Орто-Нура айылындагы Көк-Ой жана Суу-Корук участкасындагы жалпы 3 Га жер аянты “Карыздык милдеттенмелерди коверциялоо-III, коммуналдык инфраструктура жана жакырчылыктын деңгээлин азайтуу” долбоорунун алкагында “Жакыр үй-бүлөлөр тарабынан тал-теректерди тигүү” компонентин ишке ашыруу максатында бөлүнүп берилсин.
- “Карыздык милдеттенмелерди коверциялоо-III, коммуналдык инфраструктура жана жакырчылыктын деңгээлин азайтуу” долбоорунун алкагында “Жакыр үй-бүлөлөр тарабынан тал-теректерди тигүү” компонентин ишке ашыруу максатында жана жогорудагы компоненттин иш-чараларын көзөмөлдөө үчүн Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 19-декабрь 2014-жылдагы №143 буйругунун негизинде түзүлгөн тандап алуу, мониторинг жана баалоо боюнча (ГСМиО) комиссиянын курамы бекитилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы К.Кудайбергенов тапшырылсын.
Төрага: Ж.Жакыпов_____ Жөнөтүлсүн: иш кагаздарга, мамлекеттик каттоо башкармалыгына, тандап алуу, мониторинг жана баалоо боюнча комиссиясына