Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектүү XIII сессиясынын
№ 13/3 ТОКТОМУ
Орто-Нура айылы. 28-октябрь 2022-жыл
Төш-Булак айылына Нарын райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү аркылуу келген трубалары жөнүндө
Төш-Булак айылындагы каналды калыбына келтирүү үчүн 2012-жылы өзгөчө кырдаалдар министрлиги аркылуу Төш-Булак айылына азбес трубалар келген. Бирок бул трубалар каналдарга коюуга жараксыз абалда болгондуктан, аларды сатуу жөнүндө Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Тюлебердиевдин сунушун угуп, талкуулап, Чет-Нура айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектүү XIII сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Төш-Булак айылынын каналын калыбына келтирүү үчүн Нарын райондук өзгөчө кырдаалдар тарабынан келген трубаларды сатуу үчүн жумушчу топ түзүлүп, канчасы жарактуу, канчасы жакраксыз экендиги аныкталып аукцион аркылуу сатылсын.
- Азбес трубалардын наркы көз карандысыз талдоочу жалданып базар баасы аныкталсын.
- Жумушчу топ түзүү, көз карандысыз эксперт жалдоо жана башка мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Чет-Нура айыл өкмөт башчысы Т.Тюлебердиевге милдеттендирилсин,
Төрага: М.Өмүрбеков