Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектүү XIII сессиясынын
№ 13/4 ТОКТОМУ
Орто-Нура айылы. 28-октябрь 2022-жыл
Төш-Булак айылындагы сугат суу үчүн жаңы салынып бүткөн насостук станцияга ысым ыйгаруу жөнүндө
Төш-Булак айылынын тургундарынын жалпы элдик чогулушунун протоколдук сунушунун негизинде Төш-Булак айылындагы сугат суу үчүн жаңы салынып бүткөн насостук станцияга ысым ыйгаруу сунушун угуп, талкуулап, Чет-Нура айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектүү XIII сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Төш-Булак айылындагы сугат суу үчүн жаңы салынып бүткөн насостук станцияга Төш-Булак айылынын жалпы элдик чогулушунун протколунун негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин 6-чакырылышындагы депутаты маркум Акматов Алмазбек Жумабекович мырзанын ысымы ыйгарылсын.
- Мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Чет-Нура айыл өкмөт башчысы Т.Тюлебердиевге милдеттендирилсин,
Төрага: М.Өмүрбеков