Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин ХХVIII чакырылышынын кезектеги V сессиясынын
ТОКТОМУ
Орто-Нура айылы 29-октябрь 2021-жыл №5/2
Чет-Нура айыл аймагындагы бала-бакчалардын көзөмөлчү кеңештерин бекитүү жөңүндө
Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 30-майындагы №81 “Көзөмөлчүлүк кеңеши” жөнүндөгү мыйзамынын 6-беренесинин 6-пунктуна ылайык Чет-Нура айыл аймагындагы бала-бакчалардан сунуш кылынган көзөмөлчү кеңештерин талкуулап,
Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезектеги V сессиясы токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 30-майындагы №81 “Көзөмөлчүлүк кеңеши” жөнүндөгү мыйзамынын 6-беренесинин 6-пунктуна ылайык Чет-Нура айыл аймагындагы бала-бакчалардан сунуш кылынган көзөмөлчү кеңештери бекитилсин.
- Көзөмөлчү кеңеш менен тыгыз иш алып баруу жагы Чет-Нура айыл аймагындагы ар бала-бакча башчыларына сунушталсын.
Төрага: М.Өмүрбеков