Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектүү XIII сессиясынын
№ 13/5 ТОКТОМУ
Орто-Нура айылы. 28-октябрь 2022-жыл
Чет-Нура айыл аймагында – органикалык аймактарды уюштуруу жѳнүндѳ
Нарын облусунун Нарын районундагы Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаты А.Мамырбековдун органикалык аймактарды уюштуруу сунушун угуп, талкуулап чыгып, Чет-Нура айылдык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Нарын районунун Чет-Нура айыл аймагындагы Орто-Саз айылынын чегинде “Орто-Саз органикалык аймагы”, Ак-Кыя айылынын чегинде “Ак-Кыя органикалык аймагы”, Чет-Нура айылынын чегинде “Чет-Нура органикалык аймагы”, Орто-Нура айылынын чегинде “Орто-Нура органикалык аймагы”, Ак-Булуң айылынын чегинде “Ак-Булуң органикалык аймагы”, Ийри-Суу айылынын чегинде “Ийри-Суу органикалык аймагы”, Төш-Булак айылынын чегинде “Төш-Булак органикалык аймагы”, Орук-Там айылынын чегинде “Орук-Там органикалык аймагы” уюштурулсун.
- Органикалык аймактарды каттоого алуу жана ѳткѳрүү боюнча тиешелүү иш-чараларды уюштуруу жагы Чет-Нура айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Т.Тюлебердиевге тапшырылсын.
- Чет-Нура айыл аймагында органикалык айыл чарба азыктарын ѳндүрүү приоритеттүү багыт деп эсептелип, айыл ѳкмѳтүнүн ѳнүгүү программасына киргизилсин, дыйкан-фермерлерге, малчыларга органикалык ыкма менен айыл чарба иштерин жүргүзүү жагы сунуш кылынсын.
- Чет-Нура айыл аймагындагы уюштурулган “Органикалык аймактарда” фермерлерди органикалык айыл чарбасына окутуп үйрѳтүү жана ѳнүктүрүү максатында атайын долбоорлорду даярдап, аткаруу үчүн тийиштүү каражат тартуу жагы Чет-Нура айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Т.Тюлебердиевге милдеттендирилсин.
- Чет-Нура айыл аймагындагы айылдар “Органикалык аймак” болуп жарыялангандыгы тууралуу маалымат райондук массалык-маалымат каражаттарында чагылдырылсын.
Төрага: М.Өмүрбеков