Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кенешинин кезектеги XXVI чакырылышынын XX сессиясынын №20/5 ТОКТОМУ

shapka_cn

Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кенешинин кезектеги

XXVI чакырылышынын XX сессиясынын

ТОКТОМУ

2-май 2015-жыл № 20\5                                                        Орто-Нура айылы

 

Чет-Нура айыл өкмөтүнүн 30-апрель 2015-жылдагы

№43 буйругун бекитүү жөнүндө

 

Быйылкы 2015-жылдын  мамлекеттик иш планына ылайык Орто-Саз айылынан 750 метр жол, Ак-Кыя айылынан 750 метр жол, Орто-Нура,  Чет-Нура айылдарыанан 3 км жолго асфальт төшөө иштери каралып казуу, тазалоо иштери башталып жүрүп жатат.Жолдун сапаттуу бүтүшүн көзөмөлдөө максатында айыл өкөтүнүн 30-апрель 2015-жылдагы №43 буйругун бекитүү үчүн Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кенешинин XX сессиясы токтом кылат:

 

  1. Орто-Саз, Ак-Кыя, Чет-Нура Орто-Нура айылдарындагы чоң жолго жазалып жаткан асфальт иштерин көзөмөлдөө үчүн төмөндөгүдөй курамда комиссия түзүлсүн;

 

Комиссиянын төрагасы — Ж.Жакыпов Депутаттардын Чет-Нура айылдык Кеңешинин  төрагасы

Комиссиянын төрагасынын орун басары — К.Кудайбергенов айыл өкмөтүнүн башчысы

Мүчөлөрү:

Т.Сыдыкбеков — депутат

Асанбек уулу А- депутат

Э.Садыбакасов-депутат

К.Култаева- депутат

Жетиген уулу А- Орто-Саз айылынын айыл башчысы

А.Исабеков- Ак-Кыя  айылынын айыл башчысы

Т.Мамыров- Чет-Нура  айылынын айыл башчысы

К.Молдогазиев- Орто-Нура  айылынын айыл башчысы

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  башчысы К.Кудайбергеновго тапшырылсын.

 

Төрага:                                                                               Ж.Жакыпов_____

Жөнөтүлсүн: Иш кагаздарга, комиссия мүчөлөрүнө

Комментирование запрещено