Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кенешинин кезектеги XXVI чакырылышынын XX сессиясынын №20/1 ТОКТОМУ

shapka_cn

Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кенешинин кезектеги

XXVI чакырылышынын XX сессиясынын

 

ТОКТОМУ

2-май 2015-жыл № 20\1                                                        Орто-Нура айылы

 

Чет-Нура айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин

 2015-жылга бюджетин бекитүү   жөнүндө

 

Чет-Нура айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бухгалтерии К.Асанбеков бирикменин 2015-жылга бюджетин депутаттарга 2 вариантта сунуштады. Бюджетин угуп жана талкуулап

Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кенешинин XX сессиясы токтом кылат:

 

1.Айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2015-жылга бюджети 1-вариант менен 600,0 миң сом менен бекитилсин.

 

2.Ички жайытка 33080 га бекитилсин.

 

3.Айыл өкмөтүндөгү ички жана сырткы (алыскы) жайыттарга көчүү конуу иш планга (бекитилген айылдык токтомдорго) ылайык жүргүзүлсүн.

 

4.Жайыт пайдалануучулар менен түзүлгөн келишимде көрсөтүлгөн малдан сырткары малга, мыйзамга ылайык административдик штраф салынып, алынсын.

 

5.Чет-Нура айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин сунушу мыйзамдарга ылайык бекитилип, аткарууга алынсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн жайыттар комитетинин төрагасы А.Исаковго тапшырылсын.

 

 

 

Төрага:                                                                                 Ж.Жакыпов_____

Жөнөтүлсүн: Иш кагаздарга, жайыттар комитетине

Комментирование запрещено