Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кенешинин кезектеги XXVI чакырылышынын XX сессиясынын №20/11 ТОКТОМУ

shapka_cn

Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кенешинин кезектеги

XXVI чакырылышынын XX сессиясынын

 

ТОКТОМУ

2-май 2015-жыл № 20\11                                                      Орто-Нура айылы

 

Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө

 

Чет-Нура айыл аймагында мамлекеттик тилде билген адамдардын көпчүлүгү жашагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамынын 26-беренесине ылайык, Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кенеши токтом кылат:

 

1.Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кещешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.

  1. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, “chetnura.naryn-region.kg” веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестерине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага:                                                                              Ж.Жакыпов_____

Жөнөтүлсүн: Иш кагаздарга, айыл өкмөтүнө, Нарын облустук юстиция башкармалыгына.

Комментирование запрещено