Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кенешинин кезектеги
XXVI чакырылышынын XXV сессиясынын
ТОКТОМУ
20-февраль 2016-жыл № 25\4 Орто-Нура айылы
Айыл аймакка караган жарандардын мал-жандыктарына сатууга берилүүчү маалымдамаларды кароо жөнүндө
Айыл өкмөтүндө айылдык Кеңештин сессиясынын чечиминин негизинде мал-жандыктарга маалымдама берүү айыл аймакка караган ар бир айылдардын айыл башчыларына милдеттендирилген. Мал-жандыктарга берилүүчү маалымдаманын баасын көтөрүүнү сурайт.
Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXV сессиясы токтом кылат:
- Айыл аймагындагы жарандарга мал сатууга берилүүчү маалымдамадан 20 сомдон кызмат көрсөтүү акы алынсын.
- Үй-бүлө жана башка өздүгүн тастыктаган маалымдамалар үчүн алынган 5 сомдон алынган төлөм (кызмат көрсөтүү) мурунку калыбында калтырылсын.
- Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго тапшырылсын.
Төраганын орун басары: Ж.Чолоев
Жөнөтүлсүн: Иш кагаздарга, айыл өкмөтүнө, айыл башчыларга.