Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кенешинин кезектеги
XXVI чакырылышынын XXV сессиясынын
ТОКТОМУ
20-февраль 2016-жыл № 25\6 Орто-Нура айылы
Чет-Нура айыл өкмөтүнүн 19-февраль 2016-жылдагы чыгыш саны №61 катын кароо жөнүндө
Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын 18-февраль 2016-жылдагы №197/04 катынын негизинде жайыт жерлеринин өздөштүрүүгө ыңгайлуу жерлерин өздөштүрүп пайдаланууга райондук жер комиссиясына сунуш берүүнү Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтү сураган.
Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXV сессиясы токтом кылат:
- Чет-Нура айыл өкмөтүнүн 19-февраль 2016-жылдагы чыгыш саны №61 катын кароо маселеси кийинки отурумдагы сессияга сунушталсын.
- Айылдык Кеңешинин Айыл чарба, токой чарба, суу чарба, жашылдандыруу, көрктөндүрүү, энергетика жана өз алдынча башкаруу боюнча туруктуу комиссиясына каратып бекиттирүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго тапшырылсын.
Төраганын орун басары: Ж.Чолоев
Жөнөтүлсүн: Иш кагаздарга, туруктуу комиссиясына