Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кенешинин кезектеги XXVI чакырылышынын XXV сессиясынын № 25\8 ТОКТОМУ

shapka_cn

Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кенешинин кезектеги

XXVI чакырылышынын XXV сессиясынын

ТОКТОМУ

20-февраль 2016-жыл № 25\8                                              Орто-Нура айылы

 

Орто-Нура айылынын тургундарынын жалпы чогулушунун 10-февраль 2016-жылдагы № 1 токтомун кароо жөнүндө

 

Орто-Нура айылынын тургундарынын жалпы чогулушунун 10-февраль 2016-жылдагы № 1 токтомунун негизинде «Суу корук» участкасындагы 2 га эс алуу бакчасына «Айдарбек ата» ысымы, Көк-Ой участкасындагы 1 га эс алуу бакчасына «Жумагулов Сыдыгаалы» атанын ысымын берүүнү сурайт.

Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXV сессиясы токтом кылат:

 

  1. 10-февраль 2016-жылдагы Орто-Нура айылынын тургундарынын жалпы чогулушунун № 1 токтому бекитилсин.
  2. Орто-Нура айылындагы «Суу корук» участкасындагы 2 га эс алуу бакчасына «Айдарбек ата» ысымы, Көк-Ой участкасындагы 1 га эс алуу бакчасына «Жумагулов Сыдыгаалы» ысымы берилсин.
  3. Аталган эс алуу бакчасына муниципалдык менчикке алынсын. Эс алуу бакчалары көзөмөлгө алынып, көрктөндүрүү иштерин колгоо алуу жагы Айдарбек атанын жана Сыдыгаалы атанын үй-бүлөсүнө милдеттендирилсин.
  4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго тапшырылсын.

 

 

Төраганын орун басары:                                                   Ж.Чолоев

Жөнөтүлсүн: Иш кагаздарга, айыл өкмөтүнө.

 

 

 

Комментирование запрещено