Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кенешинин кезектеги
XXVI чакырылышынын XXV сессиясынын
ТОКТОМУ
20-февраль 2016-жыл № 25\9 Орто-Нура айылы
Чет-Нура айыл өкмөтүнүн 17-февраль 2016-жылдагы №24 б буйругун бекитүү жөнүндө
Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караган Орто-Саз, Ак-Кыя, Орто-Нура жана Ак-Булуң айылдарындагы айыл чарба жерлеринин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин 2016-2020-жылдар аралыгына ижарага берүү үчүн атайын түзүлгөн комиссияны бекитип берүүнү сунуштаган.
Жогорудагыларды угуп жана талкуулап Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXV сессиясы токтом кылат:
- Чет-Нура айыл өкмөтүнүн 17-февраль 2016-жылдагы №24 б буйругу бекитилсин.
- Түзүлгөн комиссияга аукцион боюнча иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
- Буйруктун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго тапшырылсын.
Төраганын орун басары: Ж.Чолоев
Жөнөтүлсүн: Иш кагаздарга, айыл өкмөтүнө.