Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кенешинин кезектеги XXVI чакырылышынын XX сессиясынын № 20\9 ТОКТОМУ

shapka_cn

Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кенешинин кезектеги

XXVI чакырылышынын XX сессиясынын

 

ТОКТОМУ

2-май 2015-жыл № 20\9                                                        Орто-Нура айылы

 

Чет-Нура айыл окмотунун жетектөөчү адисти статисти кызмат ордунун штаттык бирдигин жана сметасын бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 17-март 2014-жылдагы №145 жана 19-декабрь 2014-жылдагы №715 жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарына ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүнүн тартиптери жөнүндөгү токтомунун негизинде, Чет-Нура айыл өкмөтүндө 1-июнь 2015-жылдан жана 2016-жылга карата жетектөөчү адис статисттик кызмат ордунун келишимин, штаттык бирдиги жана сметасын бекитүү жөнүндөгү финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын өтүнүчүн угуп  жана талкуулап,

Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кенешинин кезектеги XXVI чакырылышынын XX сессиясынын

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 17-март 2014-жылдагы №145 жана 19-декабрь 2014-жылдагы №715 жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарына ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүнүн тартиптери жөнүндөгү токтомунун негизинде, Чет-Нура айыл өкмөтүндө 1-июнь 2015-жылдан жана 2016-жылга карата жетектөөчү адис статисттик кызмат ордунун келишими, штат бирдиги жана сметасын бекитилсин.
  2. Чет-Нура айыл өкмөтүндө 1-июнь 2015-жылдын жана 2016-жылга карата жетектөөчү адис статистик кызмат ордунун келишимин, штат бирдигин жана сметада көрсөтүлгөн акча каражаты мөөнөтүнөн кечиктирбей төлөп берүү жагы Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинен жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен суралсын

 

2.Бул токтомду тиешелүү органдарга жеткирүү жагы Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери К.Ибраевага милдеттендирилсин.

 

 

Төрага:                                                                              Ж.Жакыпов

Комментирование запрещено