Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кенешинин
XXVII чакырылышынын кезектеги IX сессиясынын
ТОКТОМУ
10-октябрь 2017-жыл №9/11 Орто-Нура айылы
Чет-Нура айыл аймагынын бюджетинин эсебиндеги каражаттан 2018-жылдын планына ылайык пайдалануу багытын аныктоо жонундо
Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет жана этика комиссиясынын, айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысынын баяндамасын угуп жана талкуулап Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кенешинин IX сессиясы токтом кылат:
- Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Булун айылындагы жаңы курулуп жаткан клубдун курулушун аяктоо боюнча үлүштүк грантка жазылган сметалык баасы 3 170 268 (үч миллион бир жүз жетимиш миң эки жүз алтымыш сегиз) сомдук долбоор жактырылсын.
- Үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен каржылана турган Ак-Булун айылындагы курулуп жаткан клуб боюнча долбоорду ишке ашыруу максатында өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен 475 540 (төрт жүз жетимиш беш миң беш жүз кырк) сом каражаты, 2018-жылдын бюджетинен каралсын.
- Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Н.Мүсүркановго милдеттендирилсин.
Төрага: _______ _______ Т.Сыдыкбеков
Жөнөтүлсүн: Иш кагаздарга, айыл өкмөтүнө