Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кенешинин кезектеги XXVI чакырылышынын XI сессиясынын №11/10 ТОКТОМУ

shapka_cn

Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кенешинин кезектеги
XXVI чакырылышынын XI сессиясынын

ТОКТОМУ

20-март 2014-жыл № 11\10 Орто-Нура айылы

Ийри-Суу айылынын тургуну Тайчыманов Нарынбек
Бердалиевичтин арызын кароо жөнүндө

Тайчыманаов Нарынбек Бердалиевичке Эл депутаттарынын Чет-Нура айылдык Кеңешинин 25-май 1993-жылдагы № 21 чечими менен 0,25 га жер аянты турак жай куруу үчүн бөлүнүп берилген. Чечимде Тайчыманов Нарынбек деп атасынын аты жазылбай калган.
Жогорудагы чечимге өзгөртүү жана толуктоо киргизүү үчүн Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кенешинин XI сессиясы токтом кылат:

1. Эл депутаттарынын Чет-Нура айылдык Кеңешинин 25-май 1993-жылдагы № 21 чечиминдеги Тайчыманов Нарынбек деген жерине Тайчыманов Нарынбек Бердалиевич деп өзгөртүү киргизилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы К.Кудайбергеновго тапшырылсын.

Төрага: Ж.Жакыпов
Жөнөтүлсүн: Иш кагаздарга, Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына, турак жай жана коммуналдык чарба боюнча туруктуу комиссияга;

Комментирование запрещено