Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз XXVII чакырылышынын IX сессиясынын 10-октябрь 2017-жылдагы № 9/13 ТОКТОМУ

shapka_cn.jpg

Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз

XXVII чакырылышынын IX сессиясынын

ТОКТОМУ

10-октябрь 2017-жыл № 9/13                                                                         Орто-Нура айылы

Чет-Нура айыл аймагынын бюджетинин эсебиндеги каражаттан 2018-жылдын планына ылайык пайдалануу багытын аныктоо жөнүндө

            Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет жана этика комиссиясынын, айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысынын баяндамасын угуп жана талкуулап Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IX сессиясы токтом кылат:

  1. Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Ийри-Суу айылындагы “Бактылуу бала” бала бакчасына кошумча жаңы корпус куруу боюнча үлүштүк грантка жазылган сметалыкбаасы 3 232 135  (үч миллион эки жүз отуз эки миң бир жүз отуз беш)  сомдук долбоор жактырылсын.
  2. Үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен каржылана турган Чет-Нура айылындагы курулуп жаткан бала-бакча боюнча долбоорду ишке ашыруу максатында өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен 484 821 (төрт жүз сексен төрт миң сегиз жүз жыйырма бир) сом каражаты, 2018-жылдын бюджетинен каралсын.
  3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго  милдеттендирилсин.

Төрага:                                                            ______________                      Т.Сыдыкбеков

Жөнөтүлсүн: Иш кагаздарга, айыл өкмөтүнө

Комментирование запрещено