Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги X сессиясынын 29-декабрь 2017-жылдагы №10/6 ТОКТОМУ

shapka_cn.jpg

Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин

XXVII чакырылышынын  кезектеги X  сессиясынын 

ТОКТОМУ

29-декабрь  2017-жыл  №10/6                                                                    Орто-Нура айылы

Чет-Нура айыл аймагында “Чет-Нура айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча Жобону бекитүү жөнүндө

            Депутаттардын Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги X сессиясы токтом кылат:

  1. Депутаттардын экономика, финансы, бюджет, мандат, депутаттык иш боюнча комиссиянын иштеп чыккан “Чет-Нура айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу” жөнүндөгү Жобосу алымча-кошумчасы менен бекитилсин. (жобо тиркелет)
  1. Туруктуу комиссияга кабыл алынган Жобого ылайык иш алып баруу тапшырылсын.

Төрага                                                                                                  Т.Сыдыкбеков

Депутаттардын Чет-Нура айыл аймактык

Кеңешинин ХХVII чакырылышынын

X сессиясынын 2017-жылдын

29-декабрындагы №10/6 токтому

менен бекитилген

 «Чет-Нура айыл өкмөтүнүн «Ардактуу атуулу» жөнүндө» 

ЖОБО

  1. «Чет-Нура айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу» деген наамга көрсөтүүнүн тартиби:
  2. «Чет-Нура айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу» деген наам айылдык Кеңештин жана айыл өкмөтүнүн ишкана, мекемелеринин эмгек жамааттарынын, жергиликтүү жамааттардын, коомдук уюмдарынын сунуштарына ылайык депутаттардын Чет-Нура айылдык Кеңеши тарабынан районго, республикага, өзү жашаган аймакка көрүнүктүү эмгек сиңирген адамдарга берилет.
  3. «Чет-Нура айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу» наамы төмөндөгүдөй адамдарга ыйгарылышы мүмкүн:

— Чет-Нура айыл өкмөтүндө  жайгашкан мекеме, ишканаларда, уюмдарда, жетекчи жана жооптуу кызматтарда 10 жылдан ашык үзгүлтүксүз үзүрлүү иштеп, айыл өкмөттүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өзгөчө эмгек сиңирип, кийинки учурларда да айылдын коомдук жумуштарына активдүү катышкан, калк кадырлоосуна ээ болгон адамдарга;

— Кыргыз Республикасынын Баатыры жана эл чарбасынын, маданият, билим берүү, айыл чарбасы сыяктуу тармактарда иштеп жүрүп, Кыргыз Республикасынын ишмери наамына татыктуу болгон Чет-Нура айыл өкмөтүнүн жашоочуларына;

— Жергиликтүү Кеңештин депутаты болуп бир нече жолу шайлангандарга;

—  Айылдарга өзгөчө эмгек кылып, керектүү курулуштарды куруп, жаңы жумушчу орундарын түзгөн, инвестиция, гранттарды тартууда олуттуу пайда келтирген, эл керектөөчү продукцияларды чыгарган ишкер жана фермер адамдарга;

  1. Чет-Нура айыл өкмөтүнүн аймагынан сырткары башка район, облустарда иштеп жүрүп же айыл өкмөткө салымын кошпогон катары табылган атуулдар бул наамга көрсөтүлүүгө ылайыксыз деп эсептелет.

— Мурун сиңирген эмгегине, сыйлык, наамдарына карабастан сот жообуна тартылган, кылмыш ишине кириптер болгон, өз беделин түшүрүп алган адамдарга да бул наам ыйгарылбайт.

  1. «Чет-Нура айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу» наамына көрсөтүү боюнча төмөндөгүдөй материалдар даярдалып, Чет-Нура айылдык Кеңешинин «Мандат, депутаттык иш, этика, коомдук тартипти сактоо, граждандардын укугун коргоо, закондуулук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылат. Комиссия татыктуу кандидатураларды тандап, айылдык Кеңештин сессиясына сунуш кылат.

— Талапкерлерди наамга көрсөткөн эмгек жамааттарынын жана коомдук уюмдардын чогулушунун токтому, талапкерлердин өмүр баяны, районго сиңирген эмгеги жөнүндө справкалар, Мамлекеттик сыйлыктары жана башка наамдары жөнүндөгү маалыматтар комиссияда негиз катары каралат.

  1. «Чет-Нура айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу» наамына талапкерлерди тандоо жана ыйгаруу маселеси депутаттардын Чет-Нура айылдык Кеңешинин кезектеги сессиясында каралып чечилет.
  2. Сессия жактырып, токтом кабыл алгандан кийин «Чет-Нура айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу» наамына татыктуу болгондорго атайын Күбөлүк, Сертификат жана төш белги берилет.

          Күбөлүк, Сертификат жана төш белгилер айылдык Кеңештин сессиясында салтанаттуу түрдө тапшырылат.

  1. «Чет-Нура айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулуна» берилүүчү жеңилдиктер жана укуктар жөнүндө
  1. «Чет-Нура айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу» айыл аймагында төмөндөгүдөй жеңилдиктерден пайдалана алат:

— айыл аймагында коомдук транспорттордо акысыз (таксиден башка) жүрүүгө;

— айыл аймагынын ар кандай салтанаттуу жыйындарында Ардактуу мейман катары чакыруу менен катышууга;

— Айыл аймактык органдар тарабынан кезексиз кабыл алынууга;

 

Депуттаттардын Чет-Нура

айыл аймактык Кеңешинин

туруктуу комиссиясы:                                                                    Э.Исмаилова    

Комментирование запрещено