Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги X сессиясынын 29-декабрь 2017-жылдагы №10/1 ТОКТОМУ

shapka_cn.jpg

Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин

XXVII чакырылышынын  кезектеги X  сессиясынын 

ТОКТОМУ

29-декабрь  2017-жыл  №10/ 1                                                                   Орто-Нура айылы

Үч-Нура-2005 СПАсы тарабынан “Айыл чарбасынын өндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу долбоору” алкагында техникалык кредит катары берилүүчү эксковаторду алуу боюнча сунушту кароо

жөнүндө

            Күн тартибиндеги маселе боюнча Нарын райондук СПАларды колдоо бөлүмүнүн башкы адиси Алсеитов Удаабек Капаровичтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Депутаттардын Чет-Нура айылдык Кеңешинин  X сессиясы токтом кылат:

  1. Үч-Нура-2005 СПАсынын ички чарбалык сугат тармактарын оңдоо иштерине пайдалануу үчүн долбоорлордун алкагында 7 жылдык мөөнөткө 50 пайыздык кайтарымы менен берилүүчү ковшунун көлөмү 02-03 м3 болгон эксковатор алууга макулдук берилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго тапшырылсын.

Төрага                                                                                                  Т.Сыдыкбеков

Комментирование запрещено