Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
XXVII чакырылышынын кезектеги X сессиясынын
ТОКТОМУ
29-декабрь 2017-жыл №10/ 5 Орто-Нура айылы
Төш-Булак айылына Нарын райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү аркылуу келген трубалары жөнүндө
Төш-Булак айылындагы каналды калыбына келтирүү үчүн 2012-жылы өзгөчө кырдаалдар министрлиги аркылуу Төш-Булак айылына 625 (алты жүз жыйырма беш) штук труба келген. Бирок бул трубалар каналдарга коюуга жараксыз абалда болгондуктан, Депутаттардын Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги X сессиясы токтом кылат:
- Төш-Булак айылынын каналын калыбына келтирүү үчүн Нарын райондук өзгөчө кырдаалдар тарабынан келген трубалар айыл өкмөтүнүн балансасына алынып, сатыкка коюлсун.
- Сатылган трубаларды мыйзам чегинде кириштеп, Төш-Булак каналын курууга пайдаланылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө ФЭБнүн башчысы К.Ибраевага тапшырылсын.
Төрага Т.Сыдыкбеков