Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги X сессиясынын 29-декабрь 2017-жылдагы №10/4 ТОКТОМУ

shapka_cn.jpg

Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин

XXVII чакырылышынын  кезектеги X  сессиясынын 

ТОКТОМУ

29-декабрь  2017-жыл  №10/4                                                                   Орто-Нура айылы

Айыл өкмөтүндөгү баардык тармактар боюнча жыл жыйынтыгын кароо жөнүндө

            Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен  байланыш, депутаттык этика жана мандат, билим берүү, жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү Э.Исмаилованын билдирүүсүн угуп,

            Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун, кызыкчылыгын коргоо, регламент,  айыл чарбасы жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.Ажыбековдун  билдирүүсүн угуп,

           Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, инвеститция, иңкердик иш, тышкы экономикалык байланыш, архитектура, муниципалдык менчик, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү К.Молдогазиевдин билдирүүсүн угуп  жана талкуулап, Депутаттардын Чет-Нура айылдык Кеңешинин X сессиясы токтом кылат:

  1. Туруктуу комиссиялардын текшерүүлөрүнүн жыйынтыктары белгиленсин.
  1. 2017-2018-жылга түшкөн көмүрлөрдүн сапаты начар болгондуктан көмүрдүн сапатын текшертүү үчүн комиссия түзүп, лабороторияга жиберип, 20.01.2018-жылга чейин жыйынтык чыгаруу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго тапшырылсын.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тийиштүү туруктуу комиссияга тапшырылсын.

Төрага                                                                                                  Т.Сыдыкбеков

Комментирование запрещено