Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги X сессиясынын 29-декабрь 2017-жылдагы №10/2 ТОКТОМУ

shapka_cn.jpg

Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин

XXVII чакырылышынын  кезектеги X  сессиясынын 

ТОКТОМУ

29-декабрь  2017-жыл  №10/ 2                                                              Орто-Нура айылы

Чет-Нура айыл аймагынын  айылдык Кеңешинин XXVII  чакырылышынын  кезексиз  III  сессиясынын 3-февраль 2017-жылдагы №3/1 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

                   Чет-Нура айыл аймагынын 2016-жылдагы жыл башынан калган акча каражатын бөлүштүрүү  максатында Чет-Нура айыл аймактык  Кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш, архитектура, муниципалдык менчик, курулуш жана транспорт боюнча  комиссиясынын, ФЭБнүн башчысынын баяндамасын угуп жана талкуулап, Депутаттардын Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги X сессиясы токтом кылат:

  1. Чет-Нура айылдык Кеңешинин  XXVII  чакырылышынын  кезексиз  III сессиясынын 3-февраль  2017-жылдагы №3/1 токтомуна өзгөртүү киргизилсин.
  1. Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVII  чакырылышынын  кезексиз  III сессиясынын 3-февраль  2017-жылдагы №3/1 токтомуна бекитилген 31121290 статьясындагы 9,1 миң сом акча каражаты 2121 статьяга жылдырылып, бекитилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Ибраевага  тапшырылсын.

 

Төрага:                                                                                           Т.Сыдыкбеков

Комментирование запрещено