Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
XXVII чакырылышынын кезектеги XI сессиясынын
ТОКТОМУ
25-январь 2018-жыл №11/9 Орто-Нура айылы
Чет-Нура айыл аймагынын бюджетинин эсебиндеги каражаттан 2018-жылдын планына ылайык пайдалануу багытын аныктоо жөнүндө
Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет жана этика комиссиясынын, айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысынын баяндамасын угуп жана талкуулап Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XI сессиясы токтом кылат:
- Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Орто-Нура айылындагы маданият үйүнүн чатырын жана жылуулук системасын капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги бюджеттик процесс” долбооруна жазылган сметалык баасы 1 100 000 (бир миллион бир жүз миң) сомдук долбоор жактырылсын.
- “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги бюджеттик процесс” долбоорунун эсебинен каржылана турган Орто-Нура айылындагы маданият үйүнүн чатырын жана жылуулук системасын капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча долбоорду ишке ашыруу максатында өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен 100 000 (бир жүз миң) сом каражаты, 2018-жылдын бюджетинен каралсын.
- Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго милдеттендирилсин.
Төрага: ______________ Т.Сыдыкбеков
Жөнөтүлсүн: Иш кагаздарга, айыл өкмөтүнө