Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
XXVII чакырылышынын кезектеги XI сессиясынын
ТОКТОМУ
25-январь 2018-жыл №11/10 Орто-Нура айылы
Чет-Нура айыл аймагынын бюджетинин эсебиндеги каражаттан 2018-жылдын планына ылайык пайдалануу багытын аныктоо жөнүндө
Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет жана этика комиссиясынын, айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысынын баяндамасын угуп жана талкуулап Депутаттардын Чет-Нура айылдык Кеңешинин XI сессиясы токтом кылат:
- Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Булуң жана Төш-Булак айылдарындагы окуучуларды М.Байдөөлөтов атындагы орто мектебине ташуу үчүн авто унаа алуу боюнча “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги бюджеттик процесс” долбооруна жазылган сметалык баасы 1 200 000 (бир миллион эки жүз миң) сомдук долбоор жактырылсын.
- “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги бюджеттик процесс” долбоорунун эсебинен каржылана турган Ак-Булуң жана Төш-Булак айылдарындагы окуучуларды М.Байдөөлөтов атындагы орто мектебине ташуу үчүн авто унаа алуу боюнча долбоорду ишке ашыруу максатында өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен 100 000 (бир жүз миң) сом каражаты, 2018-жылдын бюджетинен каралсын.
- Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго милдеттендирилсин.
Төрага: ______________ Т.Сыдыкбеков
Жөнөтүлсүн: Иш кагаздарга, айыл өкмөтүнө