Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XII сессиясынын 4-апрель 2018-жылдагы №12/4 ТОКТОМУ

shapka_cn.jpg

Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин

XXVII чакырылышынын  кезектеги XII  сессиясынын 

ТОКТОМУ

4-апрель  2018-жыл  №12/4                                                                            Орто-Нура айылы

Чет-Нура айыл өкмөтүнүн Орто-Нура айылындагы Коенду колот ички жайыт участкасына мараторий жарыялоо жөнүндө

         Чет-Нура айыл өкмөтүнүн Орто-Нура айылынын Коенду колот  участкасындагы жерлер айыл тургундары алыскы жайытка көчпөгөндүктөн жерлер деградацияга учурап, мараторий жарыялоо сунушу түшкөндүктөн, Депутаттардын Чет-Нура айылдык Кеңешинин  XII  сессиясы токтом кылат:

  1. Чет-Нура айыл өкмөтүнө караштуу Орто-Нура айылындагы Коенду колот участкасына жайыт жерлер деградацияга учурагандыктан, жайыт башкаруу планынын жана элдин макулдугу менен 1.01.2021-жылга чейин 3 жылга мараторий жарыялансын.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана мыйзам чегинде иш алып баруу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго милдеттендирилсин.

Төрага:                                                  ______________             Т.Сыдыкбеков

Жөнөтүлсүн: Иш кагаздарга, мектеп директорлоруна

Комментирование запрещено