Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XII сессиясынын 4-апрель 2018-жылдагы №12/7 ТОКТОМУ

shapka_cn.jpg

Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин

XXVII чакырылышынын  кезектеги XII  сессиясынын

ТОКТОМУ

4-апрель  2018-жыл  №12/7                                                                            Орто-Нура айылы

Төш-Булак айылынын сугат жерлерине Нарын суусунан насос аркылуу суу чыгаруу жана тургундарды таза суу менен камсыз кылуу жөнүндө

         Депутаттардын Чет-Нура айылдык Кеңешинин  XII  сессиясы токтом кылат:

  1. Төш-Булак айылындагы суу чыкпаган 300 га жерге электро насостук станция аркылуу суу чыгаруу үчүн: Нарын суусунун жээгиндеги Ийри-Булуң участкасынан Ыштыкты коктусунун тушуна жайгашкан каналга чейин, электро насостун суу алып чыгуучу трубаларды жаткызуу үчүн, элдин макулдугу менен узундугу 1600 метр тереңдиги 1 метрге чейин казып орнотуу үчүн тиешелүү жер тилкелеринен  уруксат берилсин.
  1. Төш-Булак айылынын булагынан айылга таза суу чыгаруу максатында каптаж куруу үчүн, суу түтүгүн тартуу жана резервуарын курууга тийиштүү жер тилкелеринен уруксат берилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго милдеттендирилсин.

Төрага:                                                  ______________             Т.Сыдыкбеков

Жөнөтүлсүн: Иш кагаздарга

Комментирование запрещено