Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясынын 10-октябрь 2018-жылдагы №14/2 ТОКТОМУ

shapka_cn.jpg

Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин

XXVII чакырылышынын  кезектеги XIV  сессиясынын

ТОКТОМУ

10-октябрь  2018-жыл  №14/2                                                        Орто-Нура айылы

Чөпкө чабылган аянтты арпа аянтынан бир жылдык чөп аянтына

которуп берүү жөнүндө.

            2018-жылы 481 гектар арпа өсүмдүгү айдалган дыйкандардын жер үлүшү аз болгондуктан жана малдын башы өсүп, тоюттун запасын даярдоо максатында 211 гектар арпа чөпкө чабылган. Жогорудагылардын негизинде  Депутаттардын Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын XIV сессиясы токтом кылат:

  1. Айыл өкмөтүндө түзүлгөн комиссиянын 12-август 2018-жылдагы актысынын негизинде 211 га арпа аянты 1 жылдык чөп аянтына которулсун.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго милдеттендирилсин.

Төрага                                                                                             Т.Сыдыкбеков

АКТ

12-август  2018-жыл                                                                               Орто-Нура айылы

Биз төмөндө кол коюп акт түзүүчүлөр Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер адиси К.Асанбеков, экономист-статистик А.Шамырканова, айыл башчылар: Ү.Мамыров, У.Абдыраймакунов, А.Нурбаев, К.Молдогазиев, Т.Мамыров, М.Өмүрбеков, А.Жетиген уулу болуп ушул актыны түздүк.

Себеби: 2018-жылы айдалган эгин аянттарынан төмөндөгү аянттар чөпкө чабылгандыгы аныкталды.

Ак-Кыя 16 гектар

Орто-Саз 10 гектар,

Чет-Нура 53 гектар

Орто-Нура 69 гектар

Ак-Булун 30 гектар

Ийри-Суу 10 гектар

Төш-Булак 23 гектар

Жалпы баары: 211гектар арпа аянты чөпкө чабылды.

 

Ушул 211 гектар арпа аянтын чөп аянтына которуп берүүнү Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кенешинен сурайбыз.

 

Акт түзүүчүлөр:                                                               К.Асанбеков

А.Шамырканова

Ү.Мамыров

У.Абдраймакунов

А.Нурбаев

К.Молдогазиев

Т.Мамыров

М.Өмүрбеков

А.Жетиген уулу

 

Комментирование запрещено