Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XХ сессиясынын 24-июль 2019-жылдагы № 20/5 ТОКТОМУ

shapka_cn.jpg

 Чет-Нура айыл аймагынын  айылдык Кеңешинин

XXVII чакырылышынын  кезектеги  XХ сессиясынын 

ТОКТОМУ

24-июль  2019-жыл № 20/5                                                                          Орто-Нура айылы

 

         Чет-Нура  айылдык кенешинин 24-декабрь 2018-жылдагы №15/10                               токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө.

 

Чет-Нура айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын мүчөлөрүнун өз ыйгарым укуктарын токтотуу  тууралуу жазуу жүзүндөгу арызынын негизинде ,

Чет-Нура айыл өкмөтүнүн кезектеги  XХ сессиясы токтом кылат:

 

  1. Чет-Нура айыл аймагынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу Жобонун негизинде , комиссиянын төрагасы Мамыров Талантбек Зарлыковичтин жана Өскөнбаев Союзбек Жумашовичтин өз ыйгарым укуктарын токтотуу  тууралуу жазуу жүзундөгу  арызы канааттандырылсын.

 

  1. Чет-Нура айыл аймагынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясынын  курамына  депутат Ажыбеков Жумабек Өмүралиевич  жана Мамыров Токтаалы Абдылдаевичтер бекитилсин.

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы                    А.Мүсүркановго тапшырылсын.

 

 

 

Төрага:                                                                               Т.Сыдыкбеков

 

Комментирование запрещено