Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XХ сессиясынын 24-июль 2019-жылдагы №20/7 ТОКТОМУ

shapka_cn.jpg

 Чет-Нура айыл аймагынын  айылдык Кеңешинин

XXVII чакырылышынын  кезектеги XХ  сессиясынын 

ТОКТОМУ

24-июль  2019-жыл   №20/7                                                                          Орто-Нура айылы

“Нарын районунун Чет-Нура айыл аймагында ичүүчү таза-суу үчүн жана катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу боюнча төлөмдөрдүн наркын (тарифин) бекитүү жөнүндө”

Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы А. Мүсүркановдун маалыматын угуп жана талкуулап, аталган нарктарды (тарифтерди) эл менен тааныштыруу жана макулдашуу боюнча өткөрүлгөн элдик жыйындардын чечимдерин эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 14-пунктуна ылайык,  Чет-Нура айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы А. Мүсүркановдун Чет-Нура айыл аймагында ичүүчү таза-суу үчүн жана катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу боюнча төлөмдөрдүн наркын (тарифин) бекитүү жөнүндөгү билдирүүсү жана сунуштары эске алынсын.

 

  1. Чет-Нура айыл аймагында ичүүчү таза-сууга болгон төлөмдүн наркы (тарифи) ар бир жанга көчөдөн ташып ичкендерге бир айга 15 сом, үй ичине киргизип колдонгондорго  айына бир жанга 20 сом өлчөмүндө бекитилсин.

 

  1. Чет-Нура айыл аймагында графикке ылайык таштандыларды чыгаруунун наркы (тарифи) бир айга ар бир кожолукка 56 сом өлчөмүндө бекитилсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам

 

 

                Төрага:                                                                                Т.Сыдыкбеков

 

 

Комментирование запрещено