Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын жана айыдык кеңешинин 2022-жылга иш планын бекитүү жөнүндө 21-январь 2022-жыл № 6/1 Токтому

shapka_cn.jpg

Чет-Нура  айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин ХХVIII чакырылышынын кезектүү VI сессиясынын

ТОКТОМУ

21-январь 2022-жыл   № 6/1                                       Орто-Нура айылы

 

Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын жана айыдык кеңешинин 2022-жылга иш планын  бекитүү жөнүндө

 

Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын жана айыдык кеңешинин 2022-жылга иш планын түзүп, талкуулап, алымча-кошумчалары менен,

Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезектүү  VI сессиясы токтом кылат

 

  1. Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2022-жылга иш планы бекитилсин.
  2. Иш планга ылайык иш алып баруу туруктуу комиссияга тапшырылсын..
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

 

Төрага:                                                                      М.Өмүрбеков

Жөнөтүлсүн: иш кагаздарга.

 

 

 

 

Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясынын

ПРОТОКОЛУ

 

              21-январь 2022-жыл                                                            Орто-Нура айылы

 

Айылдык кеңештин төрагасы: М.Өмүрбеков

Урматтуу депутаттар жана сессиянын  катышуучулары!

Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешине шайланган 16 депутат бүгүнкү кезексиз сессияга катышып отурушат. Мындан сырткары Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы У.Абдыраймакунов жана аппарат кызматкерлери, айыл башчылар, жайыт комитетинин бухгалтери К.Молдогазиев катышып жатышат.

Төрагалык кылуучу:

Урматтуу депутаттар!

Сессияны ачууга кворум бар.

Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылыштын кезексиз VI  сессиясы  ачылсын деген депутаттардын добуш берүүсүн сураймын.

Макул: 16

Каршы: жок.

Калыс: жок.

Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз VI сессиясын ачык деп жарыялаймын.

Төрагалык кылуучу:

Урматтуу депутаттар!

Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз VI сессиясынын күн тартибине төмөндөгү маселелер сунуш кылынып жатат.

  1. 2022-жылга 1 жылдык туруктуу комиссиялардын жана Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин иш пландарын бекитүү.
  2. Чет-Нура айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт акысын көтөрүү.
  3. Чет-Нура айыл аймагындагы айыл өкмөтүнүн алдында “Чет-Нура” муниципалдык ишкана ачуу.
  4. Чет-Нура айыл аймагындагы көп жылдык муниципалдык кызматтагы эмгеги үчүн мамлекеттик сыйлыктарга сунуштоо.
  5. Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айрым компьютерде көп иштеген кызматкерлерге кошумча зыяндуулук боюнча акча каражатын кароо

Төрагалык кылуучу:

Урматтуу депутаттар! Башка сунуштар жокпу?

В.Токтакунова: Сунуш Чет-Нура айыл өкмөтүнүн аймагындагы бала бакчалардын тамак аштын акчасын көтөрүү жана көмүр отуну боюнча маселе кылып күн тартибине кийирип коёсузбу?

Урматтуу депутаттар! Башка сунуштар жок болсо сунуш кылынган сессиянын күн тартибиндеги маселелери бекитилсин деген депутаттардын добуш берүүсүн сураймын.

Макул: 16

Каршы: жок

Калыс: жок

Сессиянын күн тартиби бекитилди.

Төрагалык кылуучу:

Урматтуу депутаттар!

Сиздер менен бүгүнкү сессиянын регламентин макулдашып алсак.

Сессиянын күн тартибиндеги маселелерин иштин жүрүшүнө жараша өткөрсөк, кошумча чыгып сүйлөөчүлөргө 3-5 минута, докладчыга 10 минута убакыт берсек, суроолор оозеки жана кагаз жүзүндө берилсе, сессияны бир отуруу менен аяктасак деген сунуш түшүп жатат.

Сунуш кылынган регламент бекитилсин деген депутаттардын добуш берүүсүн сураймын.

Макул:16

Каршы: жок

Калыс: жок

Сессиянын регламенти бекитилди.

Төрагалык кылуучу:

Урматтуу депутаттар!

Күн тартибиндеги 1-маселе боюнча Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын 2022-жылга болгон иш планын бекитүү. Маалымат берүү үчүн туруктуу комиссиялардын төрага төрайымдарына сөз берилет. Тиркелет.

Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы В.Токтакунова: 1 жылга иш план менен тааныштырды. Иш план тиркелет.

Мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы А.Мамырова: 1 жылга иш план менен тааныштырды. Иш план тиркелет.

Бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы М.Жусубалиева: 1 жылга иш план менен тааныштырды. Иш план тиркелет.

Айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Муратов: 1 жылга иш план менен тааныштырды. Иш план тиркелет.

Төрагалык кылуучу:

Урматтуу депутаттар!

Күн тартибиндеги 1-маселе 2022-жылга 1 жылдык туруктуу комиссиялардын жана Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин иш пландарын кошумча, алымчасы менен бекитилсин деген депутаттардын добуш берүүсүн сураймын.

Макул: 16

Каршы: жок

Калыс: жок

Төрагалык кылуучу:

Урматтуу депутаттар!

Күн тартибиндеги 2-маселе Чет-Нура айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт акысынын тарифин көтөрүү боюнча. Маалымат берүү үчүн сөз бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы М.Жусубалиевада.

М.Жусубалиева: маалымат менен тааныштырды.

К.Молдогазиев: Жайыт акыны төлөө жобосу менен тааныштырды. Белгиленген графикте төлөбөсө 0.0,9% пеня кошулат 1-ноябрдан кечиксе. Жобону бекитип берсеңиздер.

А.Аманкулов: ЖПБнын тарифи көтөрүлсө планга чыкпай калбайсыздарбы.

К.Молдогазиев: Айылдык кеңеш кандай чечим чыгарса аткарабыз.

Ж.Асылбеков: Тариф көтөрүлсө, бюджет дагы көбөйөт ЖПБ кандай иштерди аткарат.

К.Молдогазиев: Аны дагы кеңеш бөлүштүрүп берет.

У.Асан уулу: ЖПБнын тарифин көтөрүүгө эмне себеп болду?

К.Молдогазиев: План боюнча көтөрүш керек.

М.Болотова: өкмөт башчы Улан мырза каттоону ооз эки каттадыңыздарбы же короону карап санадыңыздарбы?

А/ө У.Абдыраймакунов: актангандай болбойлу күмөн болгон үйлөргө комиссия түзүп берсеңиздер кайра каттайлы.

А.Керим уулу: ЖПБнын тарифин көтөрүүнү туура көрөм.

Э.Сталбек уулу: ЖПБнын тарифин көтөрүүдөн башка каржы булактар бар. Иинахотадан 450 миң түшүп жатат айыл өкмөткө аларды жайытка которуп иш алып барбайсыздарбы.

Ч.Барктабасов: Азыркы каттоонун сандары туура эмес. Каттоону комиссия түзүп кайра каттоону тактасаңыз а/ө башчы.

К.Молдогазиев: комиссияны ар бир айылга түзүп берсеңиздер.

А.Жыргалбек кызы: Уйдан башкасынын так санын алсак жакшы болмок.

Т.Молдобаев: инфляция бар, көтөрбөсөк быйылкы жылы былтыркыдай жумуш аткарылбай калат. Биздин тарифти бекитүүбүзгө мыйзам жол береби?

К.Молдогазиев: ЖПБнын уставында жана жайыт мыйзамы менен жол берилет.

Б.Муратов: Элге маалыматты жеткизели.

Т.Молдобаев: 100 коюу бар адамга тариф көтөрүлсө 1000 сом кошулат экен. Оорчулук деле жаратпайт. Төрага добушка коюңуз.

Төш-Булак а. а/б. Ү.Мамыров: Экономиканы көтөрөбүз десеңиздер 100 сом деле кылсаңыздар болот.

А.Мамырбеков: Орто-Нура а. тургуну: Орто-Нура айылынын коомдук угуусу эл чогулбай кворум болбой калып маалымат 70% жетпей калды. Ошону жеткирсеңиздер.

“Эки-Нура” ИСКАКБнын төрагасы К.Жумабеков:  Оптимистик көз караш менен жашайлы. 5-10 жыл алдыга ойлонолу. 90% жайыт менен мал багабыз. Бодо малды 70 сомго, майда жандыкты 20 сомго көтөрүү туура эле. М: 1 үй бүлөдө 10 киши болсо 1 жумага 1200 сомго бирдик салат.

А.Керим уулу: Жалгыз Орто-Нура айылында кворум болбой калды, бизге дагы кызык эмес кайра-кайра айылдарга барып жыйналыш кылганга, эл дагы келбейт экен. Бодо малга 20 сом, койго 10 сом кыйынчылык туудурбайт. Добушка койсоңуз төрага.

Төрагалык кылуучу:

Урматтуу депутаттар!

Күн тартибиндеги 2-маселе Чет-Нура айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт акысынын тарифи бодо малга 70 сом, койго 20 сом болуп көтөрүлүп жана жайыт акыны чогултуунун жобосу бекитилсин деген депутаттардын добуш берүүсүн сураймын.

Макул: 12

Каршы: 3

Калыс: 1

Төрагалык кылуучу:

Урматтуу депутаттар!

Күн тартибиндеги 3-маселе Чет-Нура айыл аймагындагы айыл өкмөтүнүн алдында “Чет-Нура” муниципалдык ишкана ачуу жана уставын бекитүү. Маалымат берүү үчүн Орто-Нура айылынын тургуну К.Молдогазиевге сөз берилет. Устав тиркелет.

К.Молдогазиев: ИСКАКБ 2 айылда бар. Быйылкы жыл менен Чет-Нура айыл аймагына караштуу 4 айылга таза суу киргизилгени жатат. Алардын талабында муниципиалдык ишкананын курамына ИСКАКБ кириш керек экен. А/ө боюнча 1 жетекчи болот. Максаты элге кызмат кылууну жакшыртуу. Жергиликтүү кеңештин депутаты А.Керим уулу демилгелеп чыкты. Техникаларды 1 жерге топтоп, абалдарына жоопкерчилик алуу, кызмат орундарын камсыздоо.

А.Аманкулов: алымча кошумчасы менен бекители. Жакшы сунуш экен.

Төрагалык кылуучу:

Урматтуу депутаттар!

Күн тартибиндеги 3-маселе Чет-Нура айыл аймагындагы айыл өкмөтүнүн алдында “Чет-Нура” муниципалдык ишканасы ачылсын жана уставы бекитилсин деген депутаттардын добуш берүүсүн сураймын.

Макул: 16

Каршы: жок

Калыс: жок

Төрагалык кылуучу:

Урматтуу депутаттар!

Күн тартибиндеги 4-маселе Чет-Нура айыл аймагындагы көп жылдык муниципалдык кызматтагы эмгеги үчүн Ж.Айдаралиевди жана А.Шамырканованы Нарын районунун “Ардактуу атуулу” наамына, Ү.Мамыровду Чет-Нура а/ө “Ардактуу атуулу” наамына сунуштоо. Сөз А.Керим уулунда.

А.Керим уулу: Чет-Нура айыл өкмөтүнүн кызматкерлери Ж.Айдаралиевди жана А.Шамырканованы Нарын райондук мамлекеттик администрациясына Нарын районунун “Ардактуу атуулу” наамына, Төш-Булак айылынын айыл башчысы Ү.Мамыровду Чет-Нура а/ө “Ардактуу атуулу” наамына сунуштасак.

Төрага М.Өмүрбеков: сунушталган 3 жаран а/ө кызматкери болгондуктан мамлекеттик сыйлыкка а/ө аппараты профсоюздун жыйында сунушталышы керек. Бул тапшырманы а/ө башчы У.Абдыраймакуновго тапшырсак. Мөөнөтүнөн кечиктирбей кызматкерлерди

сунуштасын.

Төрагалык кылуучу:

Урматтуу депутаттар!

Күн тартибиндеги 5-маселе Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айрым компьютерде көп иштеген кызматкерлерге кошумча зыяндуулук боюнча акча каражатын кароо.  Сөз бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы М.Жусубалиевага берилет.

М.Жусубалиева: Маалымат берди.

У.Асан уулу: Мыйзамдуулугун карайлы. Тиешелүү комитетке жөнөтөлү.

Төрага М.Өмүрбеков: Мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссияга жөнөтүлсүн. Кийинки сессияга тактап алып келишсин.

А.Керим уулу: Август айында Чет-Нура айылына китепкана ачылсын деп чечим чыгардык эле, ошол маселе боюнча кандай иштер жүрүп жатат.

У.Абдыраймакунов: Иш алып барып жатабыз. 2022-жылдын сметасына кетирдик.

Сессияга катышуучу К.Акунов: Чатыр-таштагы жайытты тактап берсеңиздер. Мага Жамбулак а/ө келип быйыл келбе деп жатат. Ошону чечип берсеңиздер, ал жерде биз өмүр бою жайлап келгенбиз.

А.Жетиген уулу: Карта боюнча Чатыр-Таш жамбулактыкы, чыр Көл-Тетир заставасынан чыккан.

Төрага М.Өмүрбеков: эмки сессияга чейин тактайлы.

Сессиянын катышуучусу Т.Шайлоев: Чет-Нура айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы А.Назарбаевге кайрылуу жазгам. Кайрылуунун жообун беришти, бирок жоопко канааттанган жокмун. Себеби: а/ө бланкасына ЖПБнын төрагасы кол коюп жооп берген жана мазмуну эч бир мыйзамга такалып жазылган эмес. ЖПБнын жана а/ө иш кагаздарына көзөмөлчү орган катары мамиле кылып карап берип койсоңуздар.

Төрага М.Өмүрбеков: ЖПБнын төрагасына тапшырма берели, мыйзам чегинде жооп кайтарат. Негизи КР 515-токтомунун негизинде жергиликтүү тургундар менен макулдашуу зарыл. Жергиликтүү тургундар менен жолугуштурууга шарт түзүүгө көмөктөшөлү.

 

Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы өз ишин аяктады.

 

 

Чет-Нура  айыл  аймагынын  айылдык

кенешинин төрагасы:-                                                                             М.Өмүрбеков

 

Комментирование запрещено