Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XII сессиясынын № 12/1 ТОКТОМУ

shapka_cn.jpg

Чет-Нура айыл аймагынын айылдык  кеңешинин  XXVIII  чакырылышынын кезексиз XII сессиясынын

№ 12/1 ТОКТОМУ

Орто-Нура айылы.                                                                            15-сентябрь 2022-жыл

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын негизинде Элдик Курултайга Чет-Нура айыл аймагынан делегаттарды шайлоону уюштуруп, өткөрүү жөнүндө.

       Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы «Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө» №284 Жарлыгынын негизинде, Чет-Нура айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XII  сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы «Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө» №284 Жарлыгы жетекчиликке жана аткарууга алынсын.
  2. Чет-Нура айыл аймагынын калкынын саны 6066 болгондуктан жергиликтүү курултайдын делегаттарынын жалпы саны 50 деп бекитилсин.
  3. Жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоону уюштуруп, өткөрүүгө жумушчу тобунун курамы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
  4. Жергиликтүү курултайга делегаттар Жерге-Тал айыл аймагындагы Орто-Саз, Ак-Кыя, Чет-Нура, Орто-Нура, Ак-Булуң, Ийри-Суу, Төш-Булак, Орук-Там айылдарынын калкынын санына жараша гендердик балансты сактоо менен пропорционалдуу шайлансын. (№2 тиркемеге ылайык).
  5. Чет-Нура айыл аймагында жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча тургундардын жыйындарын өткөрүү 2022-жылдын 15-октябрынан 20-октябрына чейин белгиленсин (№3 тиркемеге ылайык).
  6. Элдик курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү курултайды өткөрүү 2022-жылдын 5-ноябры деп белгиленсин ( № 4 тиркемеге ылайык).
  7. Ар бир айылдан шайланган жергиликтүү кеңештин депутаттарына, айыл башчыларына жана жумушчу топко Жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жыйындарды жана чогулуштарды өткөрүү, уюштуруу жагы милдеттендирилсин.
  8. Депутаттардын Чет-Нура айылдык Кещешинин XXVII чакырылышынын 2-май 2015-жылдагы №20/11 токтомуна ылайык “naryn-region.kg” веб-сайтына мамлекеттик тилде жарыяланды
  9. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

Төрага:                                                                                                              М.Өмүрбеков

 

Чет-Нура айыл аймагынын айылдык

кеңешинин  XXVIII  чакырылышынын

кезексиз XII сессиясынын 2022-жылдын

15-сентябрындагы №12/1 токтомунун

№1 тиркемеси

 

Чет-Нура айыл аймагында Элдик курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү курултайды өткөрүү

 

ГРАФИГИ

Айыл аймак Чогулуш өтүүчү жер Убактысы Уюштуучулар
1. Чет-Нура айылы Айыл өкмөтүнүн жыйындар залында. 05.11.2022ж саат 10-00 Жергиликтүү кеңештер, жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу

Жооптуу катчы:                                                                              Э.Султанбек уулу

 

 

 

 

 

 

 

Чет-Нура айыл аймагынын айылдык

кеңешинин  XXVIII  чакырылышынын

кезексиз XII сессиясынын 2022-жылдын

15-сентябрындагы №12/1 токтомунун

№2 тиркемеси

 

 

 

Чет-Нура айыл аймагынын жергиликтүү курултайынын делегаттарынын саны жана квотасы.

 

Айылдардын аталышы Калкынын саны 1 квотага тийиштүү калктын саны Берилүүчү квотанын саны Гендердик баланс 30% (аял)  
1 Орук-Там 149 123,8 1 1 эркек, аял  
2 Төш-Булак 207 123,8 2 2 эркек, аял  
3 Ийри-Суу 1045 123,8 8 5-эркек, 3-аял  
  Ак-Булуң 343 123,8 3 2 эркек 1 аял  
  Орто-Нура 1830 123,8 15 10 эркек 5 аял  
  Чет-Нура 816 123,8 6 5 эркек 1 аял  
  Ак-Кыя 982 123,8 8 5 эркек 3 аял  
  Орто-Саз 818 123,8 7 5 эркек 2 аял  
Жалпысы: Орто-Саз   50 делегат 35-эркек

15-аял

 Жооптуу катчы:                                                                              Э.Султанбек уулу

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                                       Чет-Нура айыл аймагынын айылдык

кеңешинин  XXVIII  чакырылышынын

кезексиз XII сессиясынын 2022-жылдын

15-сентябрындагы №12/1 токтомунун

№3 тиркемеси

 

 

2022-жылдын 15-октябрынан 22-октябрына чейин Чет-Нура айыл аймагында жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча тургундардын жыйындарын өткөрүү

ГРАФИГИ

 

Айыл аймак Чогулуш өтүүчү жер Убактысы Уюштуруучулар
1.        Орто-Саз айылы Айылдык клубунун жыйындар  залында. 15.10.2022-ж. саат 10-00 Жергиликтүү кеңештер, жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу
2.        Ак-Кыя айылы А.Жумабаев атындагы Ак-Кыя айылдык клубунун  жыйындар залында. 16.10.2022-ж. саат 10-00 Жергиликтүү кеңештер, жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу
3.        Чет-Нура айылы Э.Ибраев атындагы Чет-Нура айылдык клубунун  жыйындар залында. 17.10.2022-ж. саат 10-00 Жергиликтүү кеңештер, жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу
4.        Орто-Нура айылы Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн административдик имаратынын жыйындар залында 18.10.2022-ж. саат 10-00 Жергиликтүү кеңештер, жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу
5.        Ак-Булуң айылы Ак-Булуң айылдык клубунда 19.10.2022-ж. саат 10-00 Жергиликтүү кеңештер, жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу
6.        Ийри-Суу айылы Ийри-Суу айылдык клубунда 20.10.2022-ж. саат 10-00 Жергиликтүү кеңештер, жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу
7.        Төш-Булак айылы Башталгыч орто мектебинде 21.10.2022-ж. саат 10-00 Жергиликтүү кеңештер, жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу
8.        Орук-Там айылы   22.10.2022-ж. саат 10-00 Жергиликтүү кеңештер, жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу

 

Жооптуу катчы:                                                                              Э.Султанбек уулу

Комментирование запрещено