Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XII сессиясынын № 12/3 ТОКТОМУ

shapka_cn.jpg

Чет-Нура айыл аймагынын айылдык  кеңешинин  XXVIII  чакырылышынын кезексиз XII сессиясынын

№ 12/3 ТОКТОМУ

Орто-Нура айылы.                                                                                   15-сентябрь 2022-жыл

Чет-Нура айыл  аймагынын айылдык Кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясынын 10-февраль 2022-жылдагы №7/2 токтомуна  өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын «Бухгалтердик эсеп» жөнүндө мыйзамына ылайык 2022-жылдын башынан калган акча каражатын чыгымдоону карап, зарыл болгон өзгөртүүлөрдү карап талкуулап,

Чет-Нура айыл аймагынын  айылдык Кеңешинин  XXVIII чакырылышынын кезексиз XII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги  VII  сессиясынын  10-февраль 2022-жылдагы №7/2 токтомуна өзгөртүү киргизилсин.
  2. Чет-Нура айылдык Кенешинин XXVIII чакырылышынын  кезектеги  VII  сессиясынын 10-февраль 2022-жылдагы №7/2 токтомунда бекитилген Ак-Кыя айылындагы «Нур-Байгазак» балдар бакчасынын сырткы эшиктерин алмаштыруу үчүн каралган 30,0 мин сом 31112390 статьясынан  Чет-Нура айыл өкмөтүнүн Ак-Кыя айылындагы «Нур-Байгазак» балдар бакчасына жууркан алуу учун 22221100 статьясына 30,0 мин сом акча каражаты жылдырылып, өзгөртүлүп  бекитилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Ибраевага  тапшырылсын.

 

Төрага:                                                                                                             М.Өмүрбеков

Комментирование запрещено